400 орун даярдалууда! Бишкекте оорунун күчөп кетишине каршы чаралар көрүлүүдө

Кыргыз-казак чек арасында ПЦР-тесттерин текшерүү талабы алынып салынганына байланыштуу өткөрүү пунктуларында COVID-19 үчүн экспресс-тесттер жүргүзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө республикадагы эпидемиологиялык абал жана калкты эмдөө боюнча иштердин жүрүшү тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы айтылды.
Өткөн суткада оору жуктурган 247 учур катталган. Анын көбүнчөсү Бишкек шаары менен Чүй облусунда болууда.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, оору күчөп кеткен учурга ылайыкталып шаардагы ооруканаларда кошумча 400 орун камдалууда. Учурда дары-дармек жана коргонуу каражаттары жетиштүү.
Штабдын отурумунда белгиленгендей, кыргыз-казак чек арасын кесип өткөн жарандардын ПЦР-тесттерин текшерүү талабы алынып салынганына байланыштуу өткөрүү пунктуларында COVID-19 үчүн экспресс-тесттер жүргүзүлөт.
Жыйынтыгында жергиликтүү бийлик органдарына эмдөө өнөктүгүн жана калкка вакцинанын кошумча дозасын жеткирүүнү күчөтүү, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарына өлкөдө “омикрон” штаммынын жайылышына жана оорунун ыктымалдуу өсүшүнө каршы даярдыкты жогорулатуу тапшырылды.
247 адамдан коронавирус табылып, үч бейтап каза болду