Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак жол”, “Ак тилек” пунктулары дагы жабылды

Буга чейин "Кең-Булуң", "Токмок" өткөрүү пунктулары жабылган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Чүй облусунда жайгашкан кыргыз-казак чек арасынын “Ак жол”, “Ак тилек” пунктулары жабылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын күч түзүмдөрү боюнча орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте билдирди.
Анын айтымында, бул бекеттерден транспорттун да, адамдардын да өтүүсүнө чек коюлган.
Буга чейин казак тараптын демилгеси менен Казакстандын Бирдиктүү маалымат тутумунун иштебегендигинен улам "Кең-Булуң", "Токмок" өткөрүү пунктулары жабылган болчу.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Ташиев Казакстанга канча аскер, техника жөнөтүлө турганын айтты