БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Өткөн суткада 247 адамдан коронавирус табылып, 58 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 151;
Ош шаары – 11;
Чүй облусу –39;
Ош облусу – 11;
Талас облусу – 6;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 10;
Жалал-Абад облусу — 18;
Баткен облусу – 1.
Илдет илештиргендердин жалпы саны 185 484кө жетти. Анын ичинен 180 166 адам дартты жеңген.
Тилекке каршы, бир суткада оору үч адамдын өмүрүн алган. Аларды кошкондо жалпы 2 814 киши коронавирустун курмандыгы болду. Азыркы учурда өлкө боюнча 324 адам ооруканада, ал эми 692 бейтаптын амбулатордук шартта дарыланып жатканы айтылды.