Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Мажитова Казакстанга 5-6 депутат жөнөтүүнү сунуштап Ташиевди күлдүрдү. Видео

Учурда ЖКда коңшу өлкөгө аскер күчтөрүн жөнөтүү маселеси каралып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Эл өкүлү Шарапаткан Мажитова Казакстанга аскерлер менен кошо Жогорку Кеңештин беш-алты депутатын дагы жөнөтүүнү сунуштады.
Мындай пикирин ал бүгүн коңшу өлкөгө аскер күчтөрүн жөнөтүү маселеси каралып жатканда билдирди.
Ошол учурда залда отургандардын баары күлүп жиберди. Андан соң УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “эже, рахмат, депутаттар беш-алтоо барбай эле турсун ал жакка” деп жылмаюу менен жооп берди.
ЖККУнун алкагында аскер күчтөрүн жиберүүгө Жогорку Кеңеш уруксат бериши керек. Бул маселени кароодо жыйын алгач ачык башталып, ар кандай эмоциялуу сөздөрдөн кийин депутаттар жабык эшик артында кароого өтүштү.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Ташиев Казакстанга канча аскер, техника жөнөтүлө турганын айтты