Казакстанда коронавирустун "омикрон" штаммын жуктургандар аныкталды

Коңшу өлкөнүн борбор калаасы Нур-Султанда эпидемиологиялык абал кескин начарлап кеткендиктен шаар кайрадан "кызыл зонага" кирип калды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Казакстанда коронавирустун "омикрон" штаммы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Аны Нур-Султан шаарынан бир киши, алматылыктардан жети адам жуктуруп алган.
Буга чейин коңшу өлкөнүн борбор калаасы Нур-Султанда эпидемиологиялык абал кескин начарлап кеткендиктен шаар кайрадан "кызыл зонага" кирип калганы айтылган болчу.

"Омикрон" штаммы табылып, ошондой эле эпидемиологиялык эрежелер бузулганына байланыштуу Нур-Султан кайрадан "кызыл зонага" кирди", — деп айтылат кабарда.

2021-жылдын 20-ноябрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Адистер аны грек алфавитинин 15-тамгасы менен "омикрон" деп атады.
Учурда аталган штаммдын ондогон мамлекетке жайылып кеткени белгилүү. Бул штамм азырынча Кыргызстандан чыга элек.
247 адамдан коронавирус табылып, үч бейтап каза болду