БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Казакстандагы башаламандык учурунда Almaty телеканалынын кызматкери көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
“4-январь күнү өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатып Almaty телеканалынын айдоочусу Муратхан Базарбаев ок жеп каза тапты. Ал эми оператор Диаскен Байтибаев колунан жаракат алып ооруканага түштү. Дарыгерлер анын эки манжасын кесип салууга аргасыз болушкан”, — деп айтылат кабарда.
Эскерте кетсек, Казакстанда 2-январда газдын кымбатташына каршы башталган митинг массалык башаламандыкка айланып, натыйжада өлкө аймагы боюнча өзгөчө абал жарыяланды.
Башаламандык учурунда жай жарандар арасында каза болгондор жана жабыркагандардын саны боюнча так маалымат бериле элек.