Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Алматы шаарында учурда абал кандай

Абал дагы деле оор бойдон калууда. Бирок шаардын айрым жерлеринде чакан дүкөндөр ачылып, азык-түлүк сатыла баштады.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Алматыдагы шаардык жана райондук акимчиликтер менен полиция бөлүмдөрү көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Ал эми "Хабар 24" маалымдагандай, экстремисттер "Мир" телеканалынын имаратын ээлеп алды. Жеринде каза болгондор бар экени, сөөктөр көчөдө эле жатканы кошумчаланды. Имараттын ичиндегилер эфирге чыгууга аракет кылып, аскерлер телемунарага аларды киргизбей жатышат. ЖККУ күчтөрү өлкөгө келүүсүн улантууда, бирок согуштук аракеттерге катышкан жок. Учурда шаардын ичи акырындык менен тазалана баштады.
Ошондой эле үйлөрдүн короолорундагы чакан дүкөндөр ачылып, товарлар сатылып жатат. Анткен менен шаардын ар кайсы жеринде дагы деле башаламандык уланууда. Мындан тышкары, ИИМ каза болгондор жана жаракат алгандар боюнча маалымат берди.
“26 куралчан кылмышкер жок кылынып, 3 миң киши кармалды. Кагылышуу учурунда 216 аскер жаракат алды”, — деп айтылат билдирүүдө.
Атайын кызмат менен ИИМ башаламандыктын күнөөкөрлөрүн табуу үчүн жарандардан митинг учурунда тартылган видеолорду сактап коюусун өтүнүүдө.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Ташиев Казакстанга канча аскер, техника жөнөтүлө турганын айтты