Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

ЖККУнун Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн кол башчысы тууралуу эмне белгилүү

Сердюков Россия Федерациясынын Баатыры, III жана IV даражадагы Ата Мекенге кызмат өтөгөндүгү үчүн, Эрдик жана “Александр Невский” ордендеринин ээси.
Sputnik
Генерал-полковник Андрей Николаевич Сердюков — 2016-жылдын 4-октябрынан бери Россиянын Аскер-аба-десанттык күчтөрүнүн командачысы. Ал Рязань жогорку десанттык командалык окуу жайын бүтүргөн. Ошондой эле Чеченстанда конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү боюнча биринчи жана экинчи операцияларга катышкан. Югославияда өткөн "Приштинага карай жүрүштүн" жана 2014-жылдын жазында Крымда өткөн референдумдун коопсуздугун камсыздоо операциясынын катышуучусу. 2019-жылдын апрелинен сентябрь айына чейин Сирияда россиялык контингентти башкарган.
Россия Федерациясынын Баатыры, III жана IV даражадагы Ата Мекенге кызмат өтөгөндүгү үчүн, Эрдик жана “Александр Невский” ордендеринин ээси.