Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Назарбаевдин экс-кеңешчиси: аэропортко кол салуудан мурда күзөттү алуу буйругу келген

Ертысбаев өлкөдө болуп жаткан башаламандыкты бийликтеги айрым адамдардын чыккынчылыгы менен ишке ашкан кутум деп атады.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Алматыдагы аэропортко кол салуунун алдында курчоону жана күзөттү толугу менен алып салуу буйругу келген. Бул тууралуу Нурсултан Назарбаевдин экс-кеңешчиси Ермухамет Ертысбаевге шилтеме берип Sputnik Казакстандын Telegram-каналы жазды.
Анын айтымында, Казакстандагы болуп жаткан окуялар постсоветтик мейкиндиктеги 30 жылдан берки эң эле оор кризис. Ертысбаев башаламандыкты бийликтеги айрым адамдардын чыккынчылыгы менен ишке ашкан кутум деп атады.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
РФтин тынчтык орнотуучу күчтөрү Алматы аэропортун көзөмөлгө алды. Видео