Жума күнгө карата аба ырайы

7-январда республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн тоолуу райондорунда жолдорго муз тоңуп тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +1…+6, Таласта +5…+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Ысык-Көл өрөөнүндө +2…+7, Нарын чөлкөмүндө -10…-15 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо +4…+6, Ош калаасында +6…+8 градусту көрсөтөт.
Дем алышта аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу