Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Жогорку Кеңеш бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, Казакстандагы кырдаал каралат

Ишенимдүү маалымат булагы Казакстанга тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жиберүү маселеси талкууланарын айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн кезексиз жыйынга чогулат. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жыйын саат 14:00дө башталып, Казакстандагы кырдаал боюнча маселелер каралары айтылды.
Ал эми ишенимдүү маалымат булактар ЖККУнун алкагында Казакстанга тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жиберүү талкууланарын айтууда.
Белгилей кетсек, 6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады. Андан соң уюмдун жетекчилиги тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. ЖККУнун күчтөрү аскердик инфраструктура жана башка объектилерди кайтаруу үчүн барат.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Жапаров түндө Путин, Токаев жана Пашинян менен сүйлөштү. Талкууланган маселелер