Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

ЖККУнун тынчтык орнотуучулары Казакстанга келип, тапшырмаларды аткарууга киришти

Кыргызстандан аскер күчтөрүн жиберүү маселеси Жогорку Кеңештин макулудугу менен чечилет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим уюму тынчтыкты орнотуучу күчтөрүн Казакстанга жөнөттү. Бул туурасында РИА Новости ЖККУнун катчылыгына таянуу менен билдирди.
Тынчтык орнотуучу контингенттин курамына Россиядан Аба-десанттык аскерлер бөлүгү кирген.
"Россиянын Аба-космостук күчтөрү авиациясынын аскердик-транспорттук учактары россиялык тынчтык орнотуучуларды жеткирет", — деп билдирген катчылык.
Ошондой эле тынчтыкты орнотуучу бөлүктүн алдыңкылары Казакстандагы тапшырмаларды аткарууга киришкени белгиленген.
ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн башкы тапшырмасы мамлекеттик жана аскердик объектилерди кайтаруу, ошондой эле укук коргоо органдарына көмөктөшүү.
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, ЖККУнун алкагында Кыргызстандан Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү маселесин карайт.
Ал эми түндө президент Садыр Жапаров ЖККУ өлкөлөрүнүн бир катар лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Белгилей кетсек, 6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады. Андан соң уюмдун жетекчилиги тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. ЖККУнун күчтөрү аскердик инфраструктура жана башка объектилерди кайтаруу үчүн барат.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Күнөөлүүлөр жоопко тартылсын! Токаев өкмөткө бир катар тапшырмаларды берди