Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Пашинян: ЖККУ Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрүн жөнөтөт

Россиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашников ЖККУнун күчтөрү аскердик инфраструктура жана башка объектилерди кайтаруу үчүн бара турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
Белгилей кетсек, 2022-жылга карата ал ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп саналат.
"Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна жана Казакстандын улуттук коопсуздугу менен суверенитетине коркунуч жаралып жатканына байланыштуу ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү Казакстанга жиберилет. Мындай чечим жамааттык коопсуздук боюнча келишимдин 4-беренесине ылайык кабыл алынды. Тынчтык орнотуучу күчтөр өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу үчүн убактылуу жөнөтүлмөкчү", — деп жазган Пашинян.
Буга чейин Токаев "террордук коркунуч" менен күрөшүү максатында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчыларына кайрылган.
Россиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашников РИА Новостиге ЖККУнун күчтөрү Казакстанда коомдук тартипти иретке келтирүү үчүн эмес, аскердик инфраструктура жана башка объектилерди кайтаруу үчүн бара турганын айткан.
"Ар кандай бандалар жүрөт. Алар жергиликтүү күч түзүмдөрүнөн эле түзүлүшү ыктымал. Байкоңур сыяктуу объектилерди ошондойлордон коргош керек. ЖККУнун максаты — сырткы күчтөн эле эмес, мындай факторлордон да коргоо болуп эсептелет", — деген Калашников.

Казакстандагы окуялар

Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталган. Газдын баасы 1-январдан тарта 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Жашоочулар айлыктын аз экенин эске алуу менен бааны 50-60 теңгеге түшүрүп берүүнү суранышкан.
Бийлик Маңгыстау жана Актөбөдө газдын литрин 50 теңгеге түшүрүүгө макул болгон. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланды. 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу болду. Демонстранттарды шаардын борборунан сүрүп чыгарышып, бирок алар көчөлөрдү аралап жүрүштү.
Эртең менен президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирген.
Ага карабай түштөн кийин митингчилер Алматыдагы акимчиликтин имаратын жана бишка бир катар мамлекеттик администрацияларды басып алышкан. Анын арасында Алматы аэропорту дагы бар.
Андан соң нааразычылык акциялары учурунда полиция кызматкерлери менен аскерлердин арасынан сегиз киши көз жумган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматынын аянтына атайын техникалар киргизилип атышуу башталды