БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирүү жасап, өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУга кайрылганын айтты. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Өз сөзүндө мамлекет башчы Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы өнөктөштөрүнөн аскердик жардам суроо ниетин айткан.
“ЖККУдагы өнөктөштөргө кайрылууну орундуу жана мезгилдин талабы деп эсептейм”, — деди Токаев.
Учурда ал Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат.
“Мындай террордук банда эл аралык болуп саналат. Алар чет өлкөдөн олуттуу даярдыктан өтүп келип Казакстанга кол салышын агрессиялык акт катары караш керек. Ушуга байланыштуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге таянып, террордук коркунучту басуу үчүн Казакстанга жардам көрсөтүүсүн сурап, бүгүн ЖККУнун жетекчисине кайрылдым. Чынында бул — коркунуч эмес, бул аймактык бүтүндүктү талкалоо”, — деди Токаев.
Белгилей кетсек, ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан өлкөлөрү кирет.