Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Токаев: Алматыда башаламандык уюштургандар — сырттан даярдалган террордук банда

Мамлекет башчы террордук банда Алматы аэропортундагы беш самолетту басып алганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Алматыда башалмандык уюштургандарды “сырттан даярдалган террордук банда” деп атады. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Ал мындай кырдаал коркунучтуу гана болбостон аймактын бүтүндүгүнө доо кетирерин белгилеген.
“Мындай террордук банда эл аралык болуп саналат. Алар чет өлкөдөн олуттуу даярдыктан өтүп келип Казакстанга кол салышын агрессиялык акт катары караш керек. Террордук коркунучту басуу үчүн Казакстанга жардам көрсөтүүсүн сурап, бүгүн ЖККУнун жетекчисине кайрылдым. Чынында бул — коркунуч эмес, бул аймактык бүтүндүктү талкалоо”, — деди Токаев.
Ошондой эле ал террордук банда ири объектилерди басып алып жатканын белгиледи. Алматы аэропортундагы беш самолетту дагы басып алышканын айтты.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Токаев ЖККУ өлкөлөрүнөн аскердик жардам сурады