Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Жаңжалга аралашпаңыздар! ТИМ Казакстанда жүргөн кыргызстандыктарга кайрылды

Министрлик консулдук-укуктук мүнөздөгү маселелер болсо кайрылууну сунуштап, дипөкүлчүлүктөрдүн номерлерин жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Казакстанда жүргөн кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
Кыргызстандын Нур-Султандагы элчилиги жана Алматыдагы консулдугу кырдаалга байкоо салып, диаспоралык уюмдар менен тыгыз байланышта болуп жатканы айтылат.
“ТИМ мекендештерибизди өлкөдө туруунун мыйзамдарын жана эрежелерин сактап, чагымчылдыкка алдырбай, кандайдыр бир чыр-чатактуу окуяларга катышпоого чакырат. Ошондой эле адамдар көп чогулган жерлерге барбай, жашаган жеринен алыс чыкпоо керектигин эскертет. Кыргыз-казак чек арасы штаттык режимде иштеп жатат. Мекенге кайтууну каалаган жарандар эч бир тоскоолдуксуз өтө алышат”, — деп айтылат маалыматта.
Министрлик жарандарга консулдук-укуктук мүнөздөгү маселелер болсо кайрылууну сунуштап, дипөкүлчүлүктөрдүн номерлерин калтырган.
ТИМдин Консулдук кызмат департаменти:
+996 551 312 000 (түз байланыш линиясы);
+996 555 007 626;
+996 708 52 21 37;
+996 707 989-895;
+996 709 983 465.
Нур-Султандагы элчилик:
+996 (772) 454-444.
Алматыдагы башкы консулдук:
+7 (777) 037-14-48;
+7 (777) 815-00-72 .
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандагы башаламандык: күч органдарынын 8 кызматкери каза болду