Балдардын да кризистик жаш курактары бар. Булар 3 жаш, 7 жаш, 14-17 жаш аралыгындагы өткөөл курак. Бул тууралуу Айнек Муратбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бала үч жашка чейин эгоцентрист болот. Тактап айтканда, дүйнөнүн чордонунда мен турам деп түшүнөт.
"Бала тарбиялоодо анын курагына жараша мамиле кылуу наристенин психикасынын туура калыптанышы үчүн өтө маанилүү. Мисалы, үч жашка чейин балага сүйүү гана берүү жетиштүү. Аны көбүрөөк кучактап, мактап туруш керек жана бул учурда эркек бала болобу же кызбы, энеси менен көбүрөөк убакыт өткөргөнү туура. Үч жашка чейинки баланы критикалоо же адеп-ахлактык тарбия берүүгө умтулуу эртелик кылат. Бул куракта бала мен бар үчүн алма өсөт, мен бар үчүн ата-энем бар деген эгоцентристтик мүнөздө болот. Андан соң жети жана 14 менен 17 жаштын ортосундагы өткөөл курак дагы балдар үчүн психологиясы өзгөрүп, дүйнө таанымы, көз карашы кеңейип жаңы нерселерди кабыл алып жаткан учуру болуп эсептелет", — деди Муратбекова.
Педагог-психолог ата-эненин бири-бирине болгон сый мамилеси балага оң таасир этерин кошумчалады.