Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Жапаров түндө Путин, Токаев жана Пашинян менен сүйлөштү. Талкууланган маселелер

Тараптар кризистик кырдаалга чара көрүү боюнча жалпы позициясын ортого салышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров түндө ЖККУ өлкөлөрүнүн бир катар лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Алматыдагы кырдаалды талкуулашты. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тагыраак айтканда, Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Россиянын лидери Владимир Путин менен сүйлөшкөн. Тараптар Казакстандагы кырдаалды талкуулашкан.
"Президент Садыр Жапаров коңшу өлкөдө адам өлүмү, талап-тоноочулук, талкалоо жана башка зомбулук фактылары болуп жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Тараптар ЖККУнун коопсуздукту камсыздоо уставына ылайык кризистик кырдаалга чара көрүү боюнча жалпы позициясын ортого салышты", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады. Андан соң уюмга мүчө-өлкөлөр тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Пашинян: ЖККУ Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрүн жөнөтөт