Жергиликтүү компаниялар Москва, Лондон биржасына катышып, инвестиция тартып келе тургандай максат менен иш алып барып, мамлекеттик колдоо тапса чоң тажрыйба алууга мүмкүн болот. Бул тууралуу Медет Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик баалуу кагаздарга кыргызстандыктар дээрлик инвестиция жасабайт.
"Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдө корпоративдик жана мамлекеттик облигациялар бир биржада сатылат. Инвестор бир аянтчадан гана бардык инструменттерди ала алат. Тилекке каршы, бизде мындай механизм иштебейт. Алсак, мамлекеттик баалуу кагаздардын аянтчасы болуп Улуттук банк эсептелсе, корпоративдик облигациялар Кыргыз фондулук биржасы аркылуу сатыкка коюлат. Учурда мамлекеттик баалуу кагаздарга кыргызстандыктар дээрлик инвестиция жасабайт. Бул эки рынокту бириктирсе активдер жогорку баада батыраак сатылып, көлөмү да өсөт эле. Биз азыр максатты бийик коюп, Москва, Лондон биржасына чыгып, инвестиция тартуу аракетин көрүшүбүз керек", — деди Назаралиев.
Ошондой эле адис 2022-жылы кыргызстандыктар мамлекеттик баалуу кагаздарды биржа аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү демилгеси көтөрүлүп жаткандыгын кошумчалады.