Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстандагы башаламандык: күч органдарынын 8 кызматкери каза болду

Буга чейин президент Касым-Жомарт Токаев калкка экинчи ирет кайрылып жатып митингдер учурунда күч органдарынын кызматкерлери каза болгонун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Казакстандагы нааразычылык акциялары учурунда полиция кызматкерлери менен аскерлердин арасынан сегиз киши көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги кабарлады.

“Башаламандык учурунда сегиз полиция кызматкери жана Улуттук гвардиянын аскерлери каза болду. Дагы 317 кызматкер жаракат алды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин президент Касым-Жомарт Токаев калкка экинчи ирет кайрылып жатып митингдер учурунда күч органдарынын кызматкерлери каза болгонун айткан.
Ал эми жай жарандардын арасында өлгөндөрдүн бар-жогу тууралуу маалымат бериле элек.

Казакстандагы окуялар

Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталган. Газдын баасы 1-январдан тарта 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Жашоочулар айлыктын аз экенин эске алуу менен бааны 50-60 теңгеге түшүрүп берүүнү суранышкан.
Бийлик Маңгыстау жана Актөбөдө газдын литрин 50 теңгеге түшүрүүгө макул болгон. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланды. 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыкты. Демонстранттарды шаардын борборунан сүрүп чыгарышып, бирок алар көчөлөрдү аралап жүрүштү.
Эртең менен президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирген.
Ага карабай түштөн кийин митингчилер Алматыдагы акимчиликтин имаратын басып алышкан. Мындан башка дагы мамлекеттик администрацияларды басып киришкени айтылууда. Анын арасында Алматы аэропорту дагы бар.
Бир нече саат мурда жалпы Казакстанга өзгөчө абал режими киргизилди.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ТИМ: Кыргызстан бир тууган казак элине колдоо көрсөтүүгө даяр