Кандай учурда эмчекти сууктан өзгөчө коргоо керек? Маммологдун кеңеши

Маммологдун маалыматына караганда, организм суукка урунганда иммунитет түшүп, инфекция баш көтөрүп, сезгенүүлөр башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Эмчек сууктан оорушу мүмкүнбү жана кандай аялдар кышта өзгөчө сак болушу керек? Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, КРСУнун Онкология жана нур терапиясы кафедрасынын профессору, маммолог Кыял Макиева түшүндүрүп берди.
Дарыгердин айтымында, суукта бала эмизген жана эмчегинде шишик оорусу бар аялдар сак болушу керек.
"Эмчекте сүт бар кезде сак болуу керек. Организмге суук тийип калса эмизген аялдар мастит оорусуна кабылышы ыктымал. Эмчегинде суюктук камтыган шишиги бар аялдар жылуу жүргөнү оң. Мындан тышкары, каналчаларына сүт же суу туруп калган аялдарга дагы суукка урунуу кооптуу", — деди адис.
Маалыматка караганда, организмге суук тийгенде иммунитет түшүп, инфекция баш көтөрүп, сезгенүүлөр башталат.
Ошондой эле профессор эмне себептен эмчек ооруксунуп каларын айтып берди.
"Айрым аялдар кээде эмчегинин ооруп турганын айтып калышат. Негизи буга жыл мезгили же ысык-суук таасир этпейт. Эмчек көбүнесе гормоналдык бузулуу болгондо түйшүк жаратат. Мындай учурда адиске кайрылып, эмчектин өзүн гана эмес, жыныстык органдарды жана калкан безин УЗИден текшертүү зарыл", — деди Макиева.
Мындан тышкары, ал кондиционер эмчекке зыян тийгизиши мүмкүнбү деген суроого жооп берди.
"Кондиционерден эмчекке кандайдыр бир зыян келет деп так кесе айтуу кыйын. Андан көбүнесе неврологияга тиешелүү оорулар пайда болушу мүмкүн", — деди маммолог.
Сөзүнүн аягында ал маммологго кайсы учурда көрүнүү керектигин түшүндүрүп берди. Адистин айтымында, аялдар эмчеги оорубаган кезде деле жыл сайын бир ирет текшерилип коюшу керек. Анткени залалдуу шишик эч бир белгиси жок эле жайылып кетиши мүмкүн. Ал эми тукумунда мындай оору барлар алты ай сайын дарыгердин кароосунан өтүп турганы дурус.
Онколог-маммолог: тай жагында эмчек рагы бар адам сөзсүз анализ тапшырышы керек