206 адамдан коронавирус табылып, эки бейтап каза болду

Азыркы тапта стационарда 302, ал эми амбулатордук шартта 529 адамдын дарыланып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 206 кишиден коронавирус аныкталып, 58 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов коронавирус жуктургандардын санынын көбөйүшүн менчик лабораториялар жаңы жылдын алгачкы күндөрү жабык болгону менен түшүндүрдү. Ошол себептен текшерилбеген анализдер көп болуп кеткен.
Жаңы жуктургандар:
Бишкек – 143;
Ош шаары – 16;
Чүй облусу – 12;
Ош облусу – 2;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 11;
Жалал-Абад облусу – 18.
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 185 237ге жетти. Анын ичинен 180 108 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, өлүм учурлары токтой элек. Кечээтен бери оору эки бейтаптын өмүрүн алган. Жалпысынан 2 811 киши коронавирустун курмандыгы болду. Азыркы тапта стационарда 302, ал эми амбулатордук шартта 529 адамдын дарыланып жатканы айтылды.
Кыргызстанда коронавирус менен ооругандар көбөйдүбү? Расмий жооп