Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казак өкмөтү башаламандык маалында канча адам жаракат алганын айтты

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, учурда 62 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Казакстандын ар кайсы регионундагы массалык башаламандыктын кесепетинен миңден ашуун адам жаракат алды. Бул туурасында Sputnik Казакстан "Хабар 24" мамлекеттик телеканалына таянуу менен жазды.
Аталган телеканал Саламаттык сактоо министрлигинен маалымат алган.
"Казакстандын ар кайсы регионунда жаракат алгандардын саны миңден ашат. Анын ичинен 400 адам ооруканада дарыланууда, 62 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Мындан сырткары, дарыгерлерге да кол салуу болуп, 10дон ашык медик жабыркаган", — деп билдирген телеканал.
Азырынча каза болгондор туурасында маалымат жок.
Кечээ, 5-январда, Казакстандын ИИМи күч түзүмдөрүнүн 317 кызматкери жаракат алып, сегизи набыт болгонун билдирген. Ал эми бүгүн түндө Алматыдагы полициянын имараттарына чабуул койгон ондогон адамдын жок кылынганы кабарланган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматынын аянтына атайын техникалар киргизилип атышуу башталды