Абакта жаткан актер дүйнөдөгү эң сулуу эркек аталды. Видео

Мьянмалык актер, ырчы жана модель Пэинг Такхон АКШнын TC Candler көңүл ачуу сайтынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эркектер арасындагы эң сулуу жүз аталды.
Sputnik
Аталган портал ар жылы дүйнөдөгү сулуу жүздөрдүн рейтингин түзүп келет. Эске салсак, былтыркы жылы швед блогери Феликс Чельберг жеңүүчү деп табылган.
25 жаштагы Такхонду дүйнөдөгү сулуу мырза деп тапкан рейтингдин авторлору Мьянма бийлигине аны абактан бошотуу талабын коюшкан.
Такхон 2021-жылы апрель айында Мьянманын аскердик тобуна каршы нааразычылык акциясына катышканы үчүн камалып, үч жылга эркинен ажыратылган. Маалым болгондой, ал кулатылган жарандык бийликти социалдык тармакта активдүү колдоп турган.