Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Жан далбастаган аскерлер, жаалданган митингчилер. Алматыдагы ызы-чуудан 15 сүрөт

Жыл жаңырары менен Казакстанда митингдер башталып, 5-январда күч алып кетти. Sputnik Кыргызстан башаламандык болгон жерден тартылган сүрөт түрмөгүн даярдады.
Sputnik
Казакстандын бүт аймактарына өзгөчө абал режими киргизилди. Күч түзүмдөрүнүн 13 кызматкери каза болуп, 353ү жаракат алды. Митингчилер арасындагы жоготуулар тууралуу расмий маалымат бериле элек. Болгону башаламандыкта миңден ашуун адам жабыркаганы кабарланды.
Президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады.
1 / 15

Жыл башындагы нааразылык акциясы тутанып кетти. Мында полициянын кичи автобусуна кол салып жаткандар кадрга түшүп калган.

2 / 15

Казакстандыктардын митингге чыгышына автоунаага куюучу газдын баасы эки эсе кымбаттап кетиши себеп болду.

3 / 15

Нараазычылык акциялары Казакстандын көптөгөн шаарларында өтүп жатат. Алматыдагы кырдаал 5-январда курчуп, күч түзүмдөрү чегинүүгө аргасыз болду.

4 / 15

ЖМКлар Алматы калаасында талап-тоноолор болгонун жазды. Автомат менен куралданган адамдар дүкөндөрдөн техникаларды чыгарып кеткен. Ал эми Nur Otan партиясынын Ауэзов районундагы филиалынын имаратын талкалап, өрт коюшкан.

5 / 15

Казак бийлиги 6-январга караган түнү Алматыда антитеррористтик операция жүргүзүп баштаганын билдирди.

6 / 15

Түзүлгөн кырдаалдан улам Казакстандын бүт аймактарына өзгөчө абал режими киргизилди.

7 / 15

Президент Токаев митингчилер аэропортко бастырып кирип беш самолетту басып алганын айтты. Кадрдан демонстранттар жүк ташуучу унаага жык-жыйма толуп алып баратканын көрүүгө болот.

8 / 15

Митингге чыккандар 5-январь күнү түшкө маал Алматынын акимчилигин басып алышты.

9 / 15

Расмий маалыматка ылайык, күч түзүмдөрү митингчилерге каршы кулак тундуруучу граната, көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.

10 / 15

Мамлекеттик да, жеке менчик да бир канча имараттар талкаланып, автоунаалар өрттөлдү.

11 / 15

Күч түзүмдөрүнүн 13 кызматкери каза болуп, 353ү жаракат алды. Митингчилер арасындагы жоготуулар боюнча маалымат бериле элек.

12 / 15

Алматыдагы полициянын шаардык, райондук башкармалыктарына жана бөлүмдөрүнө чабуул жасалды. Полиция аларды экстремисттик топ деп, ондогон адам жок кылынганын кабарлады.

13 / 15

Алматынын көчөлөрү бейшембинин таңында гана бир аз тынчып, ызы-чуу токтоду.

14 / 15

Казакстандын президенти Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады.

15 / 15

Алматы акимчилигинин жанында күлгө айланып, катуудан темири гана калган автоунаа.