Капыстан болгон көрүнүштү Ботсванадагы жаратылыш паркынан 34 жаштагы Майк Сазерленд тартып алган.
Видеодон алгач эч нерседен бейкапар жаткан музоону, андан соң сойлоп келе жаткан бир нече кулач кара чаар питонду, ага удаа эле куйругун кыпчып басып жүргөн гиенаны көрүүгө болот...
Бир аздан кийин окуя тездик менен өнүгүп, антилопанын баласын жылан мойнун кыса муунтуп, буттарын тыбырчылата алып бара жаткан учуруна күбө болобуз. Дал ошол ирмемдерде жетип келген гиена музоонун башын чайнап жиберген.
... Тамак талаш бир топко созулуп, акыры питон олжосун таштай, чөптөрдүн арасына сойлоп кирип кетет. Ал эми гиена кичинекей антилопанын этин үзүп-жулкуп жеп жатканы менен ролик аяктаган.
А бул учурда эне антилопа бадалдардын арасынан бул азаптуу көрүнүштү диртилдеп тиктеп кала берген.