Токаевдин казак элине экинчи ирет кайрылуусунун урунттуу учурлары

Буга чейин өлкө башчысы калкка алгачкы кайрылуусун жасап, казакстандыктарды азгырыктарга алдырбоого чакырган эле.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө түзүлгөн абалга байланыштуу калкка экинчи ирет кайрылуу жасады.
Кайрылуунун урунттуу учурлары:
биздин сүйүктүү шаарыбызда тартип сакчыларына массалык кол салуу болуп жатат. Алардын арасында өлгөндөр жана жаракат алгандар бар;
бандиттиктин элементтери бар топтор аскер кызматкерлерин шакаба чегип, жылаңачтап алып көчөгө бастырып жатышат. Аялдарды зордоп, дүкөндөр тонолууда;
президент катары жарандардын коопсуздугуна кам көрүп, Казакстандын бүтүндүгүн ойлошум керек;
бандиттик элементтери бар аракеттер мыкты уюштурулганы байкалып турат. Финансылык мотивациясы бар адамдардын кылганы;
эми мен болушунча катуу чараларды көрөм;
бүгүнкү күндөн баштап мен Коопсуздук кеңешинин төрагасымын (буга чейин Коопсуздук кеңешин Нурсултан Назарбаев жетектечү). Жакында саясий өзгөрүүлөр боюнча жаңы сунуштарды алып чыгам;
эмне болгон күндө дагы борбор калаадан кетпейм.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Токаев: өлгөндөрдүн арасында күч органдарынын өкүлдөрү бар