Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Токаев: өлгөндөрдүн арасында күч органдарынын өкүлдөрү бар

Өлкө башчы тартип сакчыларынын арасынан канча киши көз жумганын так айткан жок. Бирок кандай болгон күндө дагы өзү борбор калаада болорун билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев калкка экинчи ирет кайрылуусунда митингдер учурунда күч органдарынын кызматкерлери каза болгонун айтты.

"Биздин сүйүктүү шаарыбызда тартип сакчыларына массалык кол салуу болуп жатат. Алардын арасында өлгөндөр жана жаракат алгандар бар. Бандиттиктин элементтери бар топтор аскер кызматкерлерин шакаба чегип, жылаңачтап алып көчөгө бастырып жатышат. Аялдарды зордоп, дүкөндөр тонолууда. Алматыдагыдай абал башка обслустарга дагы коркунуч жаратууда. Мындан улам өзгөчө абал режимин киргиздик, мунсуз болбойт эле”, — деди Токаев.

Бирок ал канча аскер каза болгонун так айткан жок.
Ошондой эле бардык аракеттер улуттун коопсуздугу үчүн экенин, бирок азыр анын баары жетишсиз болуп турганын кошумчалады.
Мындан тышкары, Токаев эмне болгон күндө дагы борбор калаадан кетпей турганын билдирди.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматы: митингчилер тез жардам унааларын талкалап, медиктерге тоскоол болууда