Жүрөк үшүн алган суу куюн. Израилден тартылган видео

Жээкке жакындап келе жаткан торнадонун видеосу жергиликтүү социалдык тармактарга жарыяланды.
Sputnik
Израилдин ЖМКлары жазгандай, суу куюн Ашдод шаарына жакын деңизде 3-январь күнү пайда болгон. Күбөлөрдүн айтымында, суу тамчыларынан турган "устун" бир нече мүнөт бою деңиз үстүндө жылып жүргөн. Ары жагынан рейдде турган кемелерди көрүүгө болот.
Акыркы ирмемде куюн жээктен алыстап, шаар жабыр тарткан эмес. Синоптиктер торнадонун пайда болушу күн кескин сууктай турганынан кабар берерин айтышты.