Өзбек бийлиги жаштардын жарымын жогорку билимдүү кылуу максатын койду

Долбоордо жаңы окуу жайларды жана жатаканаларды куруу иштери каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Өзбекстандын бийлиги алдыдагы беш жылда жаштардын 50 пайызына жогорку билим берүү планын койду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Жаңы Өзбекстандын 2022-2026-жылга койгон стратегиялык өнүктүрүү долбоорунда быйыл жаштардын 38 пайызын, 2026-жылга чейин 50 пайызын жогорку билимге тартуу максаты айтылган. Стратегияны иштеп чыккандар беш жылдан кийин студенттердин саны 250 миңге жетерин болжогон.
Навои, Самарканд, Сурхандарья, Кашкадарья облустарына жана Ташкент шаарына бирден мамлекеттик эмес университет ачып, жеке менчик жогорку окуу жайлардын санын 34кө чыгарууну пландаган. Ал эми беш жылдын аралыгында 50гө жетип, өлкө боюнча жалпы 200 университет иштээри планга киргизилген.
Мындан сырткары, кийинки окуу жылына чейин каржылык абалы туруктуу мамлекеттик университеттер окуу программаларын, квалификациялык талаптарын, тилин жана окутуу формасын өзү бекитери каралган.
Ошондой эле бул жылы студенттер үчүн 18,8 миң орунга ылайыкталган 47 жатакана ачууга белсенүүдө. Алар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде курулат.
Президенттен стипендия алган 80 студент кайсы университетте окуйт. Тизме