БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаадан 31 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-январь күнү саат 21:50лөр чамасында аталган жолдун 663-чакырымында, тагыраагы, Кара-Суу районунун Медресе айылында кызмат өтөп жаткан жол инспекторлору менен "Шумкар" атайын багыттагы батальонунун кызматкерине өтүп бара жаткан айдоочу анча алыс эмес жерде автоунаанын айдоочусу менен жүргүнчүнүн урушуп жатканын айткан.
Кызматкерлер окуя болгон жерге барары менен Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаа качып жөнөгөн.
"Артынан барып токтоткондо арткы орундуктан 31 жаштагы аял кишинин сөөгү табылды. Айдоочусу кармалып, Кара-Суу райондук милициясына өткөрүп берилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда 39 жаштагы айдоочу шектүү катары каралып, адам өлтүрүү фактысы боюнча тергөө иштери башталды.