Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

ТИМ: Кыргызстан бир тууган казак элине колдоо көрсөтүүгө даяр

Министрликтен билдиришкендей, Кыргызстан казак элине тиешелүү акылмандык бүгүнкүдөй оор кырдаалда бир пикирге келип, тынчтыкты сактап калууга жардам берет деп ишенет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кыргызстан бир тууган казак элине колдон келген жардамын берүүгө даяр. Мындай билдирүүнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги таратты.
“Биз Казакстан менен туугандык байланышыбызды жана эки мамлекеттин өнөктөш мамилесин эске алуу менен Казакстанда тынчтык жана өнүгүү болушуна тилектешпиз. Биз ар дайым бир тууган казак эли менен бирге болуп келгенбиз жана кала бермекчибиз. Казакстанга колдон келген колдообузду көрсөтүүгө даярбыз”, — деп айтылат тышкы саясат ведомствосунун билдирүүсүндө.
Ошондой эле ТИМден "Кыргызстан казак элине жана жетекчилигине тиешелүү акылмандык бир пикирге келип, тынчтыкты сактап калууга жардам берет деп ишенерин" айтышты.
“Бул нерсе укук талаасында диалог жүргүзүү жолу менен гана ишке ашмакчы. Бүгүн бир пикирге келип, абалды ырбатып жибербөө өтө маанилүү. Мыйзамсыздык, зомбулук, чагымчылдык жакшылыкка алып келбейт. Казак элине тынчтык, туруктуулук жана биримдик каалайбыз”, — деп айтылат билдирүүдө.

Казакстандагы окуялар

Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталган. Газдын баасы 1-январдан тарта 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Жашоочулар айлыктын аз экенин эске алуу менен бааны 50-60 теңгеге түшүрүп берүүнү суранышкан.Бийлик Маңгыстау жана Актөбөдө газдын литрин 50 теңгеге түшүрүүгө макул болгон. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланды. 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыкты. Демонстранттарды шаардын борборунан сүрүп чыгарышып, бирок алар көчөлөрдү аралап жүрүштү.
Эртең менен президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирген.
Ага карабай түштөн кийин митингчилер Алматыдагы акимчиликтин имаратын басып алышкан. Мындан башка дагы мамлекеттик администрацияларды басып киришкени айтылууда. Анын арасында Алматы аэропорту дагы бар.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандын бардык аймактарында өзгөчө абал жарыяланды