Радио

Талантбеков: жорумчу келечекти айтып берген адам

"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik
Жорумчу — далыга карап болочокту айтып берген адам. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Ал Манастын чоролорунун бири жорумчу болгону эпосто айтылганын белгиледи.
"Жорумчу деген сөздүн маанисин чечмелейбиз. Бул далыга карап келечекти, болочокту айта билген адам. "Манас" баянында "Кайгуул, Бөгөөл, Тоорумчу, казактардын Жорумчу" деп чоролордун бири катары айтылат. Анын ысымы башкача болгону менен касиетине карап жорумчу деп аталган. Ал, аты айтылып тургандай, малдын далы сөөгүнө карап болочокту боолголой билген", — деди Талантбеков.
Манасчы көөнө сөздөрдү күнүмдүк турмушта колдонуу зарылдыгын кошумчалады.