Ооруканага түшкөн Камчыбек Ташиевдин эмне дартка чалдыкканы айтылды

Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Ташиев 4-январь күнү дарылануу үчүн "кызыл зонага" жаткырылганын жазып чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Ташиев 4-январь күнү дарылануу үчүн "кызыл зонага" түшкөнүн жазып чыгышкан.
Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин билдиргенине караганда, УКМК төрагасынан COVID-19 вирусу табылган жок. Бирок ал пневмония иалдетине кабылган, абалы канааттандырарлык.
Министрликтен консилиум өткөрүлүп тиешелүү дарылоо иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.
Бразилияда грипп менен COVID-19ду бирдей жуктурган учур аныкталды