Кыргызстандын бийлиги Казакстандагы окуялар боюнча үн катты

Казакстанда жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталган. 5-январга караган түнү ал күч алып, бүгүн митингчилер Алматыдагы акимчиликтин имаратын басып алышты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Өлкө жетекчилиги боордош Казакстандагы кырдаалга көз салып турат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
"Кыргыз тарап жалпы казак элинин жыргалчылыгына жана өлкө келечегине багытталган туура жана алгылыктуу чечим табыларына ишенет", — деди ал.

Казакстандагы окуялар

Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталган. Газдын баасы 1-январдан тарта 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Жашоочулар айлыктын аз экенин эске алуу менен бааны 50-60 теңгеге түшүрүп берүүнү суранышкан.
Бийлик Маңгыстау жана Актөбөдө газдын литрин 50 теңгеге түшүрүүгө макул болгон. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланды. 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыкты. Демонстранттарды шаардын борборунан сүрүп чыгарышып, бирок алар көчөлөрдү аралап жүрүштү.
Эртең менен Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алган.
Бүгүн түштөн кийин митингчилер Алматыдагы акимчиликтин имаратын басып киришкен.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматы акимчилиги менен Nur Otan партиясынын имаратынан кара түтүн чыгып жатат