Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Алматы акимчилиги менен Nur Otan партиясынын имаратынан кара түтүн чыгып жатат

Сөз болуп жаткан имараттардан азырынча жалындаган от көрүнгөн жок, бирок кара түтүн чыгып жатканы айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Алматы шаарынын бир нече убакыт мурда митингчилер басып кирген акимчилигинен кара түтүн чыгып жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Ошондой эле Nur Otan партиясынын Ауэзов райондук көчөсүндөгү филиалынан өрт чыкканы кабарланды.
"Имараттын биринчи жана экинчи кабатынын айнектери талкаланган. Азырынча жалындаган от көрүнгөн жок, бирок кара түтүн чыгып жатат", — деп айтылат блидирүүдө.

Казакстандагы окуялар

Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталган. Газдын баасы 1-январдан тарта 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Жашоочулар айлыктын аз экенин эске алуу менен бааны 50-60 теңгеге түшүрүп берүүнү суранышкан.
Бийлик Маңгыстау жана Актөбөдө газдын литрин 50 теңгеге түшүрүүгө макул болгон. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланды. 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыкты. Демонстранттарды шаардын борборунан сүрүп чыгарышып, бирок алар көчөлөрдү аралап жүрүштү.
Ошол учурда президент Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасап, Маңгыстау облусу менен Алматы шаарына өзгөчө абал киргизди.
Эртең менен Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алды.
Түштөн кийин митингчилер Алматыдагы акимчиликтин имаратын басып киришкен.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Митингчилер Алматынын акимчилигин басып алышты