Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстандын премьеринин милдетин аткарчу Алихан Смаилов тууралуу маалымат

Смаиловдун мамлекеттик кызматтарды аркалап келгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Казакстандын премьер-министринин милдетин мурунку вице-премьер Алихан Смаилов аткармай болду.
Эскерте кетсек, митингдерден кийин өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев Аскар Мамин башында турган өкмөттү отставкага кетирген болчу.
Sputnik Казакстан Алихан Смаилов тууралуу маалымат берген.
1972-жылы Алматы шаарында туулган. 1994-жылы Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик улуттук университетин "прикладдык математика" адистиги боюнча бүтүргөн. 1996-жылы президенттин алдындагы Казакстандын менеджмент, экономика жана болжолдоо институтун аяктаган, "Мамлекеттик башкаруунун магистри" даражасы ыйгарылган.
1993-1999-жылдары "А-Инвест" инвестициялык-менчиктештирүү фондунда, Статистика агенттигинде жетекчилик кызматтарда иштеген. Мындан тышкары, экономикалык сектор бөлүмүндө башкы эксперт, бөлүмдүн жетекчиси, президенттик администрацияда мамлекеттик инспектор кызматтарын аркалаган.
1999-2003 — Статистика агенттигинин жетекчиси;
2003-2006 — Казакстандын тышкы иштер боюнча вице-министри, "Экспорттук насыя жана инвестицияларды камсыздандыруу боюнча мамлекеттик камсыздандыруу" компаниясынын башкаруучулугунун төрагасы;
2006-2009 — финансы боюнча вице-министр;
2009-2014 — Статистика агенттигинин жетекчиси
2014-2015 — Улуттук экономика министрлигинин Статистика комитетинин төрагасы;
2015-2018 — Казакстан президентинин жардамчысы, 2018-жылдан 2019-жылга чейин финансы министри;
2019-жылы февралда президенттин жарлыгы менен премьер-министрдин биринчи орун басары — финансы министри болуп дайындалган.
"1-рангдагы кеңешчи" мамлекеттик рангы бар. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы