90 жаштын чайын ичмек. Актёр Орозбек Кутманалиевдин сүрөттө калган элеси

Мындан 17 жыл мурун январда белгилүү актёр, режиссёр Орозбек Кутманалиев бул дүйнө менен кош айтышкан. Sputnik Кыргызстан залкар инсанды сүрөттө калган ирмемдери менен эскерди.
Sputnik
Орозбек Кутманалиев 1932-жылы 10-майда Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылында жарык дүйнөгө келген.
Алгачкы жолу режиссёр Юрий Борецскийдин "Ак куулар конгон айдың көл" тасмасында жылкычынын ролун аткарган. Андан соң Болот Шамшиевдин "Ак кеме", "Фудзиямадагы кадыр түн", "Бөрү зындан", "Эрте келген турналар", "Адамдар арасында", Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму", "Алтын күз", Мелис Убукеевдин "Акмөөр", "Сүйүү закымдары", Дооронбек Садырбаевдин "Түркүн тагдырлар", "Махабат дастаны", Кадыржан Кыдыралиевдин "Өрүкзардагы баян", Геннадий Базаровдун "Жаңылуу" өңдүү 20га жакын фильмде образ жараткан.
Залкар артист 2005-жылы оорудан улам 73 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.
1 / 12

Орозбек Кутманалиев ишинин гана эмес, тамашанын да көркүн чыгарган адам болгон

2 / 12

Актер төкмөлүктү аркалап, дастан жана терме ырларын мыкты аткарган

3 / 12

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти жакындары менен

4 / 12

Сабира Күмүшалиева менен Орозбек Кутманалиев "Ак кеме" тасмасында

5 / 12

Актер кыргыз киночуларынын 20га жакын фильминде образ жараткан

6 / 12

Эңишке түшкөн Орозбек Кутманалиев менен Болот Шамшиев

7 / 12

"Зөөкүр" Орозкул менен жоош Момун чал

8 / 12

Белгилүү актер Медель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиев. Геннадий Базаровдун "Көздүн кареги" тасмасын тартуу учуру, Фрунзе шаары, 1976-жыл.

9 / 12

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен Орозбек Кутманалиев "Ак кеме" тасмасын тартуу маалында

10 / 12

Орозбек Кутманалиев биринчи никесинен беш, экинчи жубайынан алты балалуу болгон. 35 жыл чогуу жашаган түгөйлөр алты кыз, беш уулду тарбиялап, 40ка жакын небере көрүшкөн.

11 / 12

СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, белгилүү актер Орозбек Кутманалиев жана залкар манасчы Каба Атабеков, 1995-жыл

12 / 12

Көп кырдуу талант ээсинин көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка толмок