Министрлик 4 телеканалдын жабылышы боюнча түшүндүрмө берди

Буга чейин эскертүү алып, айып пул төлөгөн телеканалдарда мамлекеттик тил жана ата мекендик өндүрүш боюнча талаптарды сактоодо эреже бузулганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги телеканалдарды өчүрүп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган министрлик телеканалдарга лицензиялык көзөмөл жүргүзүп, төрт телеканалдын ишин токтотууну чечкени айтылган. Текшерүүнүн жыйынтыгында мурда эскертүү алган жана айып пул төлөгөн телеканалдарда мамлекеттик тил жана ата мекендик өндүрүш боюнча талаптарды сактоодо эреже бузулганы аныкталган.
"Эфирлерди текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталган жана телеберүүлөрдү чагылдыруу боюнча уруксаты 2022-жылдын 20-мартына чейин токтотулган. Белгилүү болгондой, документ сот чечиминин же арыздын негизинде гана жокко чыгарылат. Мындан улам Маданият министрлиги телеканалдарды өчүрүп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Биз болгону телеканалдардын уруксаттарын убактылуу токтоттук. Мыйзам бузуулар жоюлса, аларга кайрадан эфирге чыгууга уруксат берилет", — деди Чыңгыз Эсенгул.
Министрдин орун басары Кыргызстан укуктук мамлекет экенин белгилеп, ар бир жаран мыйзамдарды, анын ичинде "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" мыйзамды сакташы керектигин эскерткен.
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп