COVID: 152 адамдан вирус аныкталып, эки киши көз жумду

Вирус жайылгандан тарта оору Кыргызстанда 185 031 адамдан аныкталып, 180 050 киши сакайып кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Өткөн суткада 152 кишиден коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Жуктургандар:
Бишкек — 112;
Ош — 10;
Чүй облусу — 12;
Ош облусу — 11;
Ысык-Көл — 3;
Жалал-Абад — 4.
Ушуну менен вирус жайылгандан тарта оору Кыргызстанда 185 031 адамдан аныкталып, 180 050 киши сакайып кетти. Эмдөө албаган эки бейтап көз жумган, алардын Бишкек менен Чүйдө дарыланып жатканы айтылды. Жалпы жонунан дарттан 2 809 адам набыт болду.
Франциянын түштүгүнөн коронавирустун жаңы штаммын табышты