Радио

Жороев: тарыхый объектилер камтылган интерактивдүү карта иштеп баштады

"Бишкек башкы архитектура" ишканасынын жетекчисинин биринчи орун басары Марат Жороев Бишкектеги 129 республикалык жана 222 жергиликтүү маанидеги эстеликтерди камтыган тарыхый объектилердин интерактивдүү картасы иштеп жаткандыгын айтты.
Sputnik
Интерактивдүү картага эксклюзивдүү маалыматтар жүктөлүп, жарандар эми Бишкектеги эстеликтер тууралуу көп маалымат ала алышат. Бул тууралуу Марат Жороев  Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тарыхый-маданий объектилердин базасы кирген электрондук картага жакында кыргыз жана англис тилинде да маалымат алуу мүмкүнчүлүгү ачылат.
"Биз борбордогу тарыхый-маданий объектилердин базасы камтылган интерактивдүү картаны түзүп, кыргызстандыктарга тартууладык. Эми жарандар bga.org.kg. дарегине кирип, Бишкектеги 129 республикалык жана 222 жергиликтүү маанидеги эстеликтер тууралуу картадан кенен маалымат алууга мүмкүн. Ал жерге эксклюзивдүү сүрөттөр, маалыматтар киргизилди. Учурда портал орус тилинде гана жеткиликтүү. Жакында кыргыз жана англис тилинде маалымат алуу шарты түзүлөт. Чет элдиктер жана туристтик гиддер үчүн табылгыс байлык болуп калды", — деди Жороев.
Ошондой эле адис интерактивдүү картага шаардагы аты алмаштырылган көчөлөр жана залкар адамдар жашаган үйлөрдүн да тизмеги кирерин кошумчалады.