БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Шаршемби күнү күндүз Кыргызстандын кээ бир райондорунда жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +1...+6, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында +2...+7, Нарын аймагында -4...-9 градус болот.
Бишкек менен Ош калааларында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор шаарда жана Ошто +4...+6 градус болору болжолдонду.