"Өзөктүк бештикке" кирген өлкөлөрдүн лидерлери коопсуздук боюнча билдирүү жасады

Өзөктүк державалар андан ары таратпоо, куралсыздануу, көзөмөл боюнча эки жана көп тараптуу макулдашууларды, өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимди сактоонун маанилүү экендигин белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Россия, Кытай, Улуу Британия, Франция жана АКШ башчылары өзөктүк куралданууга ээ болгон өлкөлөр арасындагы согушту болтурбоо боюнча жалпы билдирүү менен чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Документтин тексти Кремлдин сайтына жарыяланган.
Билдирүүдө "Өзөктүк бештикке" кирген өлкөлөр стратегиялык тобокелдиктерди азайтууну өздөрүнүн жоопкерчилиги деп белгилей тургандыктары айтылган.
"Өзөктүк согушта эч ким жеңүүчү боло албай тургандыктарын жана андан ары уланбаш керектигин белгилейбиз. Өзөктүк куралды колдонуунун кесепети көпкө созулат, андан сырткары, биз бул жааттагы куралдануу азырынча кездешип жаткандыктан мындан ары коргонуу максатында, агрессияны кармап турууга жана согуштун алдын алууга гана кызмат кылышы керек дейбиз. Мындай куралды андан ары таратуу токтошу зарыл деп эсептейбиз", — деп айтылган текстте.
Мындан сырткары, өзөктүк державалар муну андан ары таратпоо, куралсыздануу жана көзөмөл боюнча эки жана көп тараптуу макулдашууларды, өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимди сактоонун маанилүү экендигин белгилешкен.
"Ар бирибиз өзөктүк курал боюнча санкцияланбаган же атайылап эмес колдонуунун алдын алуу боюнча улуттук чараларды бекемдеп жана сакташыбыз зарыл. Мурда жасалган бутага албоо жана ага максат койбоо боюнча билдирүүлөрүбүз дагы деле күчүндө экендигин бекемдейбиз. Биздин өзөктүк куралдарыбыз бири-бирибизге жана башка мамлекеттерге мээленбегендигин бекемдейбиз", — деп айтылган билдирүүдө.
Беш державанын лидерлери өзөктүк куралдан эркин болгон дүйнөнү куруу үчүн башка бардык өлкөлөр менен иштөөгө умтула тургандыгын белгилешкен.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова бул документ Москванын демилгеси жана анын өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу менен даярдалгандыгын билдирген. Билдирүүнү ДНЯО кадамдарын караган Нью-Йорктогу Х конференциянын башталышында таратууну пландашканы, бирок АКШдагы эпидемиологиялык кырдаалдын начарлап кеткендигинен улам, аны жылдырып коюшканы маалымдалган. Бирок өзөктүк курал боюнча державалар муну кийинкиге калтырбоону чечкен.
Дүйнөнүн кайсы бөлүгүндө 2022-жылы согуш башталып кетиши мүмкүн?