Дүйнөлүк маанидеги иш-чаранын ролигин Кытайдын Казакстандагы элчилиги өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"СGTN алып баруучулары, белгилүү блогерлер, спортчулар, анын ичинде казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайберген да "Жалпы келечекке биримдик менен" деп аталган ырды аткарышты. Кышкы олимпиада жана Паралимпиада оюндарынын урааны ушундай аталат", — деп жазган элчи.
Каармандар планетанын ар кайсы бурчунан өзүнүн тилинде аталган ырды аткарган. Клипке олимпиаданын эки жолку чемпиону, россиялык фигурист кыз Евгения Медведева да тартылган.
Кышкы олимпиада Кытайдын борбору Пекин шаарында 4-20-февраль аралыгында өтөт. Кытайдын бул борбор калаасы кышкы жана жайкы оюндарды өткөргөн биринчи шаар болуп калмакчы.