Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстанда митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышкан видеолор жарыяланууда

Актобе шаарында митингчилер темир жолду бөгөп алып машиналарды дагы өткөрбөй турат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Казакстанда газдын кымбатташынан улам митингге чыккан жарандар менен күч түзүмдөрү кагылышууда. Мындай видеолор социалдык тармактарда тарап жатат.
Атырау шаарындагы нааразычылык акциясында тартылган видеодон чогулгандар СОБР аскерлерин жакын жолотпой жулкулдатып ары түртүп жатканын көрүүгө болот.
Ушул эле шаарда дагы жол тосууга аракет кылып күч түзүмдөрү менен кагышкандар болгон.
Ал эми Актобе шаарында митингчилер темир жолду бөгөп алып, поездди да, машиналарды да өткөрбөй жатканын Sputnik Казакстан маалымдады. Бул жерде да ызы-чуу менен коштолууда.
Эске салсак, Казакстанда митингдер 2-январь күнү башталган. Жаңаозен, Атырау, Курыке, Акшукуре, Актау аймактарында автотранспорт үчүн газдын баасы эки эсе кымбаттап, литри 120 теңгеге чыгып кеткенде нааразычылык күч алган. Кээ бирлери шаардын борбордук аянтына боз үй тигип алган.
Учурда митингчилер үч талап коюп жатат: газдын баасын 50 теңгеге түшүрүү, жумушсуздук маселесин чечүү, тамак-аштын наркын арзандатуу.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Аянтта боз үй тигип... Казакстандагы митинг үч күндөн бери токтой элек. Видео