Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казак бийлиги митингчилердин талабын аткарып, бааны түшүрдү

Элдин суукта көчөгө нааразы болуп чыгышына автоунаага пайдаланылган газдын кымбаттап кетиши негизги себептердин бири болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Казакстанда суюлтулган газдын баасы литрине 50 тенгеге (9 сом) түштү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады.
Өкмөттүк комиссиянын бааны арзандатуу боюнча чечимин Актаудагы аянтта вице-премьер-министр Ералы Тугжанов окуп берди. Анда Маңгыстау облусунда көгүлтүр оттун баасынын төмөндөй турганы айтылган.
Эртең, 5-январда, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал боюнча кеңешме өткөрөрү белгилүү болду.
Эске салсак, Казакстанда митингдер 2-январь күнү башталган. Жаңаозен, Атырау, Курыке, Акшукуре, Актау аймактарында автотранспорт үчүн газдын баасы эки эсе кымбаттап, литри 120 тенгеге (23, 9 сом) чыгып кеткенде нааразычылык күч алган. Кээ бирлери шаардын борбордук аянтына боз үй тигип алган.
Митингчилер үч талап коюп жаткан: газдын баасын 50 тенгеге түшүрүү, жумушсуздук маселесин чечүү, тамак-аштын наркын арзандатуу.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстанда митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышкан видеолор жарыяланууда