Кандагы кантты жөнгө сала турган дагы бир ыкма табылды. Жаңы ачылыш

Жаңы табылган зат FGF1 деп аталып, инсулин сындуу кандагы глюкозаны жөндөйт деп айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Европа жана АКШнын окумуштуулары инсулинге көз каранды болбой, кандагы глюкозанын деңгээлин жөнгө сала турган гормонду тапты. Бул тууралуу РИА Новости Cell Metabolism журналына жарыяланган изилдөөгө таянып кабарлады.
"Анын авторлору бул ачылыш диабетти жаңы ыкма менен дарылоого негиз салып, канды коопсуз кылып жана анын деңгээлиндеги кантты майнаптуу төмөндөтүүгө жардам берген препаратты түзүүгө ниет кылышууда", — деп айтылган маалыматта.
Инсулин мындан дээрлик жүз жыл мурда ачылып, диабет менен ооруган миллиондогон адамдарга үмүт берген. Ошол учурдан бери уйку бездин бул гормону кандагы кантты көбөйткөн диабетти жөнгө салуучу даба болуп келет.
Америкадагы Солк институтунун изилдөөчүлөрү Германия, Нидерланддар жана Швейцариядагы кесиптештери менен биргеликте ошентип дагы бир ачылышты жасаган. Ал FGF1 гормону деп аталып, май тканына багытталып, инсулин сындуу кандагы глюкозаны жөндөйт деп айтылууда.
Бат-бат заара ушатып калат. Кант диабетинин сейрек белгилери аталды