Жүрөк оорусу барларга ылайыктуу. Кадамжайга тез жардам унаасы берилди. Сүрөт

Атайын унаа президенттин демилгеси менен белекке берилип, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тапшырылган. Жалпысынан Кадамжайга сегиз унаа бөлүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Баткендин Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна тез жардам унаасы берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Баткендин Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна тез жардам унаасы берилди
Атайын унаа президенттин демилгеси менен белекке берилген.
"Унаа биринчи тез жардамды көргөзүү үчүн жабдуулар менен толук камсыз болгон. Негизгиси жүрөк ооруусуна байланыштуу абалы кескин начарлагандарга ыңгайлашкан", — деп жазылган маалыматта.
Атайын унаа президенттин демилгеси менен белекке берилген
Жалпысынан ооруканалар үчүн сегиз тез жардам унаасы бөлүнгөн.
Чолпон-Атадагы "Алтын балалык" комплексине тез жардам унаалары берилди. Сүрөт