Бразилияда грипп менен COVID-19ду бирдей жуктурган учур аныкталды

Эксперттер эки ооруну бирдей жуктурган учур көп каттала баштаганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Бразилиялык медиктер грипп менен коронавирусту бир убакытта жуктурган "флурона" вирусун төрт адамдан аныктады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Мындай илдет биринчи жолу 1-январда Израилде катталган.
"Бразилиянын кеминде үч штатында — Рио-де-Жанейро, Сеаре жана Сан-Паулуда COVID-19 да, грипп да бир мезгилде жуккан учурлар аныкталып, бул "флурона" деп аталарын кабарлашкан. Медиктер эки оору бирдей илешкен фактылар көп каттала баштаганын айтууда", — деп жазылат G1 порталынын материалында.
Мурдараак коронавирустун "омикрон" штаммынын белгилери сасык тумоого окшош болгондуктан аны айырмалоо кыйыныраак болуп жатканы айтылган. "Омикронду" көп учурда ПЦР-тесттин жардамы менен аныктоо негизги ыкмалардан болуп калганы кабарланган.
Окумуштуулар "омикрондун" өпкөгө канчалык кооптуу экенин аныкташты