Франциянын түштүгүнөн коронавирустун жаңы штаммын табышты

Марсель калаасында коронавирустун IHU-штаммы аныкталгандыгы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. - Спутник. Франциянын Марсель шаарында коронавирустун жаңы штаммы табылгандыгын Марселдеги жугуштуу ооруларды изилдөө борборунун (IHU) изилдөөсүндө айтылган. Бул тууралуу РИА Новости MedRxiv порталына шилтеме кылып жазды.
Изилдөөнүн жыйынтыгында Франциянын түштүк-чыгышындагы шаардын 12 жашоочусунун анализи коронавирустун варианттарына байланышкан, мутацияланган "типтүү эмес комбинацияны" көрсөткөн. Окумуштуулар B.1.640.2 деп аталган коронавирустун жаңы варианты 2021-жылдын ноябрында Камерундан келген кишиден табышкан. Алынган анализден окумуштуулар 46 мутация аныктаган.

"Ошентип геномдук мутация "IHU" (биздин университеттин аталышын бердик) деп аталып, биз атаган жаңы вариантты көрсөтүп жатат", — деп билдиришкен медик-изилдөөчүлөр.

Андан мурдараак аткаминер январь айында COVID жана башка илдеттерден улам өлкөнүн ооруканаларында кыйын абал түзүлөрүн билдирген эле.
Окумуштуулар "омикрондун" өпкөгө канчалык кооптуу экенин аныкташты